Борбор калаада паспорттук режим киргизилген эмес. Митингдерге байланыштуу шаарда топ-топ болуп балдар жүрөт, кылмыштар болуп жатат. Бул тууралуу ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Митингдердин өтүп жатышынан пайдаланып, айрым адамдар тоноолорду уюштуруп жатат. Буга байланыштуу патрулдук кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Түнгө маал патрул шектүү адамдарды камакка алат. Себеби айрымдарынын документтери жок болсо, кээ бири мас абалында кармалат. (ZMa)