Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

14:30 Таластыктар А.Атамбаевдин жолун тосту


Бүгүн эртең менен саат ондо Жерүй, Андаш кендеринин казылышына каршылыгын билдирген беш миңдей адам Бишкек-Талас канжолун тосту. Алардын талабы аталган кендерди иштетпөө болууда. Саат он бирлерде жол тоскондорго өкмөт башчы Алмаз Атамбаев барып, жолугушту. Премьер-министр нааразылык акциясынын катышуучуларынан бир ай мөөнөт сурап, эгер кендер туура эмес казылып жаткан болсо, жабылат деген убадасын берди. Бирок жол тоскондор анын сөзүнө ыраазы болбогонун айтып, өкмөт башчыны кетирбей жолун тосушту. Таластын мурдагы губернатору, учурда Жалалабаттын губернатору Искендер Айдаралиевдин өтүнүчүнөн кийин гана жол ачылды. Аймактык кабарчыбыздын билдиргени боюнча кенге кетүүчү жол ачылган жок.

XS
SM
MD
LG