Президент Курманбек Бакиевдин отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен Алатоо аянтында өтүп жаткан митингдин бүгүнкү расмий бөлүгү башталды. Алгач Бириккен фронттун лидерлери сөз сүйлөп, акыркы маалыматтар менен митингдин катышуучуларын тааныштырышты. Бириккен фронттун мүчөсү Мелис Эшимкановдун айткан сөзү боюнча бир аздан кийин учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу жазылган ырлар сынагынын жыйынтыгы чыгарылмакчы.
Уюштуруучулардын айтымында митингдин катышуучуларынын саны төрт миңге жетип калды.
Уюштуруучулардын айтымында митингдин катышуучуларынын саны төрт миңге жетип калды.