Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:22

16:50 Митинг УТРК "бир үй-бүлөгө" кызмат кылып жатат деп эсептейт


Митингге чыккандардын жөө жүрүшү учурда филарманиянын жанына жетип, УТРКнын имаратына баратышат. Алар УТРК "бир гана адамдын - президент К.Бакиевдин каналы" болуп калды деген пикирин билдиришүүдө. Ошол себептен алар УТРК коомдук болууга тийиш, ал эми анын жетекчиси кызматтан кетиши керек деп эсептешет.

Ал эми УТРКнын башкы директору К.Молдокасымов буга чейинки интервьюларында оппозицияга акыркы кезде сөз берилип жатканын, атап айтканда, "Азаттыктын" "Ынгайсыз суроолорунун" алкагында Т.Сариев, Э.Алиевге, башка программалардын алкагында К.Байболовго, Р.Отунбаевага эфир берилгенин айтыкан эле.

Митингдин катышуучулары болсо УТРК акцияны бир жактуу чагылдырып жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG