Өкмөт үйүнүн алдында мушташ чыгарып жиберген он беш чакты жигиттердин ичинен төртөө Бириккен фронттун күзөтчүлөрү тарабынан кармалган. Аларды фронттун Алатоо аянтындагы штабына алып келишип, чагым чыгарууга кимдин көрсөтмөсү менен келгендиги такталып жатат деп билдирет аянттагы өз кабарчы.