Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

ЭХ, ЧЕБУРАШКА, ЧЕБУРАШКА


Орусияда темир өндүрүү тармагында бизнес жүргүзгөн Алишер Усманов деген миллиардер "Филмз бай Жове" деп аталган америкалык фирмадан чоң кулак Чебурашканын эл аралык укугун кайтарып алууга аракет жасоодо. Байлыгы 3.1 миллиард доллар болгон Усманов "Форбс" журналы тарабынан Орусиянын 25чи эң бай жараны деп табылган.

Ушул аптада Усманов орус маалымат каражаттарына америкалык фирма 10 миллион доллар сурап жатканын, өзү 3 миллион сунуш эткенин билдирди.
Көрсө Чебурашка тууралуу төрт жана дагы 500 чакты советтик мультфилмдер 1992-жылы АКШга сатылып кеткен экен. Бул тасмаларды азыр да орус сыналгысынан көрүүгө болот, бирок эл аралык экранда көрсөтүү укугу америкалыктардын колунда кала берүүдө.

Орусиянын Мультипликаторлор Союзу да 1992-жылы түзүлгөн келишимди күчүнөн кетирүү арызы менен орусиялык сотко кайрылган. Бул тууралуу аталган союздун архивинин директору Эрнест Рахимов мындай дейт:

– Кайра куруу башталганда фильм көрсөтүү укуктары боюнча жеткиликтүү иштелип чыккан мыйзамдар болгон эмес, америкалыктар ушундан пайдаланып, союздун мурдагы администрациясы менен биздин укуктарыбызды чектеген келишим түзүп алышкан.

Чебурашка 2006-жылы Жапонияда өткөн олимпия оюндарында Орусия командасынын эмблемасы болгон. Бул каармандын автору Эдуард Успенский "Азаттыкка" аны кантип ойлоп тапканын мындайча айтып берди:

– Бир күнү көчөдөн кемчеттин терисинен тон кийген кымындай кызды көрүп калдым. Ал басып баратып, жыгылып кетсе, ата-энеси "мына көрдүңбү, тоңкочок атып кеттиң" дешет. Алар "чебурахнулась" деген сөздү пайдаланып, "эми сен чебурашка болдуң" деп айткан.

Успенский мына ушул сейрек кездешүүчү сөздү мультфилмдин каарманына айланткан.
Мультфилмде Чебурашка тропикалык токойдо жашайт, бирок бир жолу ал тоодой жыйылган апельсиндин арасында калып, ошол бойдон Маскөөгө алып келинет. Мультфилмдерде анын Гена деген крокодил досу бар.

Орусиянын чет өлкөлөргө сатылып кеткен мурастарын кайтарып алууга аракет кылган башка да бизнесмендер бар. 2004-жылы дагы бир миллиардер Виктор Вексельберг америкалык Форбстардын үй-үлөсүнөн атактуу Фаберже жумурткаларын 90 миллион долларга сатып алган. Аларды бүгүн Кремлдеги көрсөтмөдөн көрө аласыз. Чебурашканы бүгүнкү балдар да жакшы көрүшөт.
XS
SM
MD
LG