Телерадио корпорация жана Британия бийликтери Газа тилкесинде туткунга алынган журналист Алан Жонстондун киши колдуу болушу тууралуу кабарларды тактап жатышат. Азырынча көз карандысыз булактар бул маалыматты тастыктай элек.
Мурун аты чыга элек палестиналык уюшкан топ, кечээ бир катар маалымат каражаттарына журналисттин өлтүрүлгөнү тууралуу электрондук билдирүү таратып, кийинчирээк ал тууралуу видео да жөнөтүүнү убада кылган. Би-би-синин кабарчысы Алан Жонстон Газа тилкесинде 12-мартта уурдалып кеткен.