Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

ЧАТАККА КАБЫЛГАН ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЫЗМАТЫНДА КАЛА ТУРГАНДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Ишемби-жекшемби күндөрү Вашингтон шаарында Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын кезектеги биргелешкен жыйыны болуп өттү. Анда дүйнөлүк маселелер каралып, келечекке пландар түзүлдү, бирок жыйын - Дүйнөлүк банктын президенти айланасындагы чатак менен коштолду.

Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк жыл сайын жазында биргелешкен жыйын өткөрөт. Быйылкы кездешүүнүн алдында болсо Банктын президенти Пол Вулфовиц дагы бир чатакка туш келди жана айрымдар аны - жыйынга келбей да калышы мүмкүн деп ойлогон. 2005-жылга чейин ал АКШ коргоо министринин орун басары болуп иштеген жана 2003-жылы Иракка каршы башталган согушту пландаган жетекчилердин бири болчу.

Ошондуктан Банктын мурдагы президенти Жеймс Вулфенсондун кызмат мөөнөтү аяктап, анын ордуна Вашингтон Вулфовицти сунуштаганда, банкта иштегендер ага бир топ каршы чыккан. Кызматка келээри менен Вулфовиц бир топ катуу аракеттене баштап, мурдагы саясатты өзгөртүүгө киришкен.

Мисал үчүн, өнүгүп келе жаткан айрым мамлекеттерге жана өкмөттүк эмес уюмдарга көрсөтүлгөн жардам бир кыйла кыскартылган. Кээ бир өлкөлөргө мурда белгиленген насыялар берилбей да калган.

Андай мамлекеттердин катарына, мисал үчүн, Өзбекстан да кирген. 2005-жылдын май айында Анжиян шаарында болгон окуялардан кийин Ташкен менен Батыш ортосундагы мамиле бир кыйла бузулду жана ошол эле жылдын жайында Өзбекстан өз аймагындагы америкалык аскерий базаны жабуу жөнүндө чечим кабыл алды. Андан көп узабай Ташкенге Дүйнөлүк банк тарабынан чегериле турган жардам берилбей калды жана көпчүлүк байкоочулар аны - саясий себептен кабыл алынган чечим деп баалашты.

Вулфовиц өзү ал тууралуу минтип айткан: "Ал чечим кабыл алынаар алдында өлкөдө түзүлгөн абал өтө начар болгон жана адам укуктарынын бузулушуна кеңири жол берилген. Андан тышкары, бөлүп берилген акчанын кантип пайдаланылганы жөнүндө да биз ачык жана так маалымат алууда кыйынчылыкка такалмакпыз", - деди Вулфовиц.

АКШнын "Мурас" фондунун эксперти Брэд Шэфердин айтымында, кээ бир башка мамлекеттерге дагы ошондой коррупция шылтоосу менен жардам берилбей калган: "Өзбекстанда коррупция жок деп эч ким айта албайт. Бул өлкө өтө коррупцияланган мамлекет экени баарыга жакшы белгилүү. Башка мамлекеттерге бериле турган жардам дагы токтотулган. Кения дагы өтө коррупциялашкан өлкө экени белгилүү, Дүйнөлүк банк Индияда дагы коррупция кеңири тараган деп эсептейт. Бирок мындай маселелер менен байланышкан чечимдер кабыл алынганда, менин оюмча, донор мамлекеттерден кеңири колдоо алынууга тийиш. Тилекке каршы, Вулфовиц андай колдоого жетише алган жок", - деди Шэфер.

Эксперттин пикиринде, жардам ала турган мамлекеттер арасында дагы, Дүйнөлүк банктын өзүнүн ичинде дагы Вулфовицтин саясатына каршылык күчөп турган кезде анын өзүнүн айланасында эми жаңы чатак чыкканы абалды ого бетер оорлотту. Мурдагы аялы менен ажырашкандан кийин Вулфовиц 2001-жылдан бери Шаха Риза деген аял менен жашаган, ал Улуу Британиянын жараны, бирок теги Ливиядан жана Сауд Арабияда чоңойгон.

Ал мурда эле Дүйнөлүк банкта кеңешчи болуп иштеген, бирок банкты жетектөөгө Вулфовиц келгенден кийин өз кызматынан кетиш керек болчу, анткени эки жакын адам бир уюмда жогорку кызматта болбош керек. Бирок Вулфовиц аны - АКШ Мамлекеттик катчылыгындагы Дүйнөлүк банктын өкүлү кылып дайындаган жана кыска мөөнөттүн ичинде анын бир жылдык маянасын эки жолу көтөрүп, аны 193 миң долларга жеткирген. Мынчалык акчаны Риза айымдын жаңы жетекчиси болгон мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дагы алган эмес.

Дүйнөлүк банктын бир нече жогорку кызматкери ал тууралуу атайын кат жазып, Вулфовицтин кызматтан кетишин талап кылды, өткөн бейшемби күнү президент ката кетиргенин моюнга алды жана Банктын 24-адамдан турган жетекчилиги кандай чечим кабыл алса, ошого макул боло турганын билдирди. АКШ өкмөтүндөгү адамдар болсо Вулфовиц өз ордунда калса жакшы болоор эле деген пикир айтты, ошондуктан Вулфовиц - 14-15-апрелде өткөн жыйынга Банктын жетекчиси катары катышты жана жыйын аяктагандан кийин өз ордунда кала турганын жарыялады.

Жыйында болсо дүйнөдөгү экономикалык абал талкууланып, 2007-2008-жылдарда жалпы туруктуу өсүш боло турганы жөнүндө айтылды. Аны менен катар Африка өлкөлөрүнө мурда пландалып келген жардам кыскартылышы мүмкүн экени тууралуу дагы белгилүү болду.

Үстүбүздөгү жылдын башында дагы Вулфовиц бир күлкүлүү чатакка кабылган - ал Түркияга сапар менен келгенде, тосуп алгандар аны коноктоп, мечитке алып барган. Бирок имараттын ичине киргенде ар бир адам өз бут кийимин чечиш керек жана Вулфовиц дагы батинкесин чечкенде, анын эки байпагы тең жыртык болуп чыгып, эки бутунун тең баш бармагы көрүнүп калган. Бардык телеканалдар аны көрсөтүп, бүткүл дүйнөлүк экономиканы колунда кармаган адам эки долларлык байпак сатып ала албайт экен деп байкоочулар ага күлгөн.

XS
SM
MD
LG