Карасуу жана Каражыгач айылдарынын селден жабыркаган тургундары үчүн алты жана он адамдык он чатыр жөнөтүлдү. Суу ташкындан жабылып калган "Сарычелек-Карасуу" унаа жолун ачуу үчүн райондогу жол оңдоочу ишкана техникаларды жиберди. Аксы районундагы жолдорду тазалоо жана дарыя жээктерин бекемдөө үчүн облустан 5 тонна күйүүчү май жиберилди. Селдин айынан келтирилген материалдык чыгымдарды эсептеп чыгуу үчүн 7 адамдан турган комиссия түзүлдү. Мындай маалымат Жалалабат облгубернаторунун орунбасары Айбек Акбаровдон алынды. (YA)
17:32 Аксыдагы селден жабыркаган Карасуу жана Каражыгач айыл өкмөттөрүнө жардам жөнөтүлдү