Бул тууралуу «Азаттыкка» Акуновдун өлүмүнүн себептерин териштирүүгө адис катары катышкан мурдагы саламаттык министри, «Элет» партиясынын лидери Накен Касиев билдирди. Анын айтымында, маркумдун денесинде бир топ көгала тактар байкалган. Алгачкы иликтөөнүн так жыйынтыгы эми лабороториялык текшерүүдөн кийин белгилүү болмокчу. Расмий билдирүүдө Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында өз көйнөгүнө муунуп өлгөнү айтылган. Бириккен фронттун мүчөсү Бектемир Акунов ушул айдын бешинен он бирине дейре Бишкектеги саясий ачкачылыкка катышкан. (SM)