Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

11:35 Н. Касиев: Б. Акуновдун денесинде көгала көп, мээсине кан куюлуп кеткен


НАРЫН. Милиция абагында муунуп өлдү деп жаткан Бектемир Акуновдун сөөгүнө 16-апрелде Нарында соттук-медициналык экспертиза жасалды. Иликтөө иши Бишкектен барган мурдагы саламаттык сактоо министри, «Элет» партиясынын лидери Накен Касиевдин жана ЖК депутаты Карганбек Самаковдун катышуусунда жүргүзүлдү. Соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыктары, Накен Касиевдин "Азаттыкка" айтымында, Б.Акунов муунуп же муунтурулгандын натыйжасында өлгөнүн көрсөтүп турат. Ошол эле учурда ички органдарында көп шек бар, денесинде көгала көп, каракуш мээсине кан куюлуп кеткен. Мунун баары адамды уруп-сабоо менен өлтүрүлгөндүн белгилери болуп саналат. Иликтөөлөр аягына чыга элек, маселенин толук чоо- жайын билиш үчүн дагы гистологиялык лабораториялык изилдөө керек. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (KCh)

XS
SM
MD
LG