- Сиздер Аксы окуясын ар кандай күчтөр менен топтор саясый коньюктуралык максаттарга пайдаланып жатышат деп жазыпсыңар. Бул эң туура. Окуя териштирилип, күнөөкөрлөр жазасын алмайынча Аксы окуясы саясый интригалардын чордонуна айлана берет. Андай болбос үчүн ага укутук жактан чек коюлуусу керек,- деп жазды «Кыргыз туусу» гезити аркылуу Аксы районунун 243 тургуну кол койгон «Аксы окуясы боюнча адашкан ардагерлерге кат» аттуу макааласында.
Ушул эле Аксы темасы бүгүн жарык көргөн «Агым» гезитинде да козголуп, «Аксы» бириккен кыймылы президент К.Бакиевге, ЖК төрагасы М.Султановго, өкмөт башчысы А.Атамбаевге Кайрылуу жолдоп, 10 күндүк мөөнөт ичинде аткарууну талап кылган үч маселени алдыга тартты. 1- эгерде Кыргызстандын президенти 10 күн ичинде экс-президент А.Акаевдин Аксы окуясы боюнча ага койгон күнөөлөрүн калп деп далилдей албаса анда Аксы эли Бакиевди Аксы окуясына күнөөкөр деп эсептээрин, 2-Жалал-Абад облус губернатору И.Айдаралиевди 10 күн ичинде кызматтан кетирилишин, 3-Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводун мыйзамсыз сатканга аракет жасаган адамдарга 10 күн ичинде кылмыш иши козголушун, ошону менен бирге эле депутат А.Бекназаровду ар кандай мамлекеттик комиссиялардын тизмесинен чыгарылып салынышын, анткени Аксы эли ага ишенбей калганын белгилеп, эгер бул талаптар 10 күн ичинде чечилбесе анда Таш-Көмүр шаарындагы көпүрөнүн жанынан Бишке-Ош жолун жабуу акциясын баштайбыз, деп аяктаган..
«Бакиев кетет» деген сөз мурда да генерал Ф.Куловдун оозунан чыккан. Азырынча аянтка 100 миң киши апкелебиз деген аракети майнапсыз болууда. Бирок берилген убаданы үч жыл күтөт деген сөз бар эмеспи, анын үстүнө мыйзам боюнча алганда деле президенттик шайлоого үч жылдай убакыт калбадыбы, деп жазат «МСН» гезити.
Фронт башчылары Ала Тоо аянтында өз үндөрүн элге жеткизе сүйлөө үчүн үн күчөткүч аппаратураны эле Казакстандан 5 күнгө 49 миң долларга арендага апкелишкенин маалымдаган «Эркин тоо» гезити, бул сумма кыргыз сомуна айлантканда 2 миллион сомду чапчыырын, элди фронтко үндөгөн саясатчылар черлери жазылганча кыйкырып, саясаттан ысыган баштарын муздатып жатышканын жар салды.
Эртең менен бирди, түштө башканы сүйлөй бермей бийликке «куш ылаңы» жуккандай жуга баштаганын, «жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн» деген ылакап суу кечпей калганын, «кокуй, кечээ сөз бердим эле, эртең эл эмне дейт?» деп ойлонбой дардактаган саясатчылар кыргыздын шоруна айланганына калем ооруткан «Кыргыз руху» гезити улуттун уңгусун кеп кылган Дастан Сарыгуловдун, Куловду сотко берем деп күүлөнгөн Данияр Үсөновдун, ОБОНдорунун обонун создурган Үсөн Сыдыковдун үндөрү угулбай жатканын сөз кылган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ