Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

15:36 Карл Уайкофф абакта жаткан террорчуларды көрүп чыкты


Бүгүн Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн ЕККУнун террорчулукка каршы бөлүмүнүн башчысы Карл Уайкофф, Адилет министри Марат Кайыповдун коштоосунда террор жасагандыгы үчүн деген айып менен абакта жатышкан адамдардын абалын көрүп чыгышты. Андан соң маалымат жыйынында Уайкофф мырза Кыргызстан террорчулук менен күрөшүүдө олуттуу иштерди аткарып жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал Адилет министрлигине абакта жаткан террорчуларды кайра тарбиялоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдаланып иш-чараларды уюштурууну сунуш кылгандыгын билдирди.(IJz)

XS
SM
MD
LG