Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

АКШ: ВИРГИНИЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ОТУЗДАН АШУУН ӨМҮР КЫЙЫЛДЫ


15-апрель Виргиния техникалык университети үчүн кара кийчү күн болду. Куралчан неме 30дан ашуун студентти атып салып, өзү да кошо өлдү. Ондон ашун киши жарадар болду. Маалымат каражаттары бул окуяны «Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң жаман кызыл кыргын” деп аташууда. Жанкечтинин аты жөнү жана ал эмне себептен кандуу булоонду уюштурганы азырынча беймаалым.

Көзсүз октун береги үндөрү Кошмо Штаттарды солкулдаткан кандуу алааматтын жарчысы болду. Өлкөдөгү кадыр барктуу эсептелген университетинин жатагын эртең мененки саат 7 ченде коогага салган шоокум эки сааттан кийин “Норрис Холл” деп аталган корпустагы студенттик аудиторияга жетип, кеминде 32 кишинин өмүрүнө балта чапты. Жанкечтиге сурак жок. Ал өзүн өзү атып салдыбы же полициянын огунан өлдүбү, аны тергөө аныктайт. Кандуу алаамат эмнеден башталганы да иликтенүүдө.

Президент Жорж Буш апаатка байланыштуу Акүйдө шашылыш кайрылуу жасады: - Бүгүн биздин өлкө Виргиния техте өз боорлорун жоготкон адамдардын азасын бөлүшүүдө. Өлгөндөр биздин жүрөгүбүздө сакталат. Биз алар үчүн дуба кылабыз. Биз сүйүктүү кудайыбыздан бүгүн курман болгондорго бардык жакшылыктарды сурайбыз.

Виргиния техникалык универститети өлкөдө Виргиния тех деген ат менен белгилүү. Каргашалуу окуядан эси чыккан университеттин президенти Чарлз Стигер апаат тууралуу мындай деп билдирди:

-Алгач ок атышуу болгон жайда бир нече киши набыт болгон. Ал жерде тергөө жүрүп жатканда- эки сааттай кийин- Норрис Холлдо атышуу болуп жатканы тууралуу кабар алдык. Полиция ыкчам аракеттенди. Норрис Холлдо ок чыгарган неме өлдү.

Студенттердин айтышынча, жанкечтиден айрым бирөөлөр аудиториянын эшигин бекитип коргонсо, экинчи бирөөлөр терезеден секирип жан сакташкан.
Виргиния техтегидей кандуу кыргын мурда да болгон. Бирок, мынчалык көп кишинин каны төгүлгөн эмес. Айтсак, 1991-жылы Техаста бир айдоочу жүк тартуучу машинеси менен ресторанга кирип барып, өзү менен кошо 23 кишини атып салган. 1966- жылы Аустин шаарындагы Техас университетинде жанкечти 16 кишинин канын төккөн. 1999- жылы Колорадо штатында эки өсүпүрүм 12 окуучунун жана мугалимдин өмүрүнө зобун келтирген.

XS
SM
MD
LG