Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

17:05 Аксы районунда селден кийин кан басымы көтөрүлүп 78 жаштагы карыя дүйнө салды


15-апрелде түн ичинде жүргөн сел Чарбак айылынын 78 жаштагы тургуну Жамал Азимбаевдин ондогон малын алып кеткен. Капыстан баскан кырсыктан улам мал-мүлкүнөн кол жууган карыя кайгыдан кан басымы көтөрүлүп, кайтыш болду. Ошондой эле Карасуу айылынан Ашыралиевдердин «Волга» маркасындагы эки машинасын суу агызып кетип, таптакыр жараксыз кылып салган. Жалпысынан тилсиз жоонун кол салуусуна эки айыл өкмөтүнөн 126 үй туш болгон. 336 баш майда жандык, 22 ири мүйүздүү мал сууга агып кеткен. Бул жөнүндо бүгүн Жалалабат облусунун губернаторунун орун басары Жаныш Курманов билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG