Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

18:17 Аксы бириккен кыймылы бийлик менен оппозицияга талаптарды койду


Президент Бакиев он күн ичинде Аскар Акаевдин «Де-Факто» гезитиндеги интервьюсун (интервьюда экс-президент Аксы окуясына ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиевди айыптаган) төгүнгө чыгарбаса, Аксы эли Бакиевди күнөөлүү деп эсептейт. Мындан тышкары ишенимден чыкты деп саналган депутат Азимбек Бекназаровду ар кандай комиссиялардан чыгаруу, «Кристалл» ишканасынын сатылышы боюнча кылмыш козгоо, Жалалабаддын губернатору Искендер Айдаралиевди кызматтан алуу өңдүү талаптарды койгон. Эгер бийлик ушул талаптарды аткарбаса, кыймыл мүчөлөрү он күндөн кийин Ташкөмүр көпүрөсүнүн жанында Бишкек –Ош жолун тосуу акциясын баштайт. Мындай мазмундагы талаптарга Аксы бириккен кыймылынынын атынан 1200 киши кол койгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG