Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

ХЮМАН РАЙС УОТЧ УЮМУН ӨЗБЕКСТАНДА ИШИН ТОКТОТУУГА МАЖБУРЛАП ЖАТЫШАТ


Белгилүү эл аралык уюм – Хьюман Райтс Уотч өзбек бийлиги эми аларды да өлкө аймагындагы ишин токтотууга мажбурлап жатканын билдирүүдө. Уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсеси кечээ тараткан маалыматка караганда, алардын Ташкендеги кеңсесинин башчысына аккредитациясынын мөөнөтү узартылбай тургандыгы айтылган. 2005-жылкы Андижан окуяларынан бери өзбек бийликтери буга чейин эле укук коргоо жана кайрымдуулук боюнча эл аралык уюмдарынын бир нечесинин ишин токтоткон болчу. Ага катар түрмөгө түшкөн укук коргоочулар да бар.

2005-жылы майда Анжиянда болгон коогалаңдан берки өткөн 2 жыл аралыгында өзбек өкмөтү кеминде 15 укук коргоочуну камакка алган эле. Алардын бири укук коргоочу жана көз карандысыз журналист Умида Ниязованын үстүнөн сот иши 19-апрелде башталган жатат. Ниязовага “мыйзамсыз чек араны өткөн жана чет элдик өкмөттөрдүн каржылоосунда басылып чыгарылган, коомдук тартипти бузууга багытталган баракчаларды тараткан” деген кинелер тагылууда. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, ага он жыл берилет.

“Өзбекстанда башка бир нече укук коргоочулар сыяктуу эле Умида Ниязова өлкөдөгү түптөлүп калган система менен күрөшкөндүгү үчүн абакта отурат. Бийлик анын ишин токтотуу менен башкаларды коркутууга далалат жасоодо”,- деп билдирди Хьюман Райтс Уочтун Борбордук Азия жана Европадагы жетекчиси Холли Картнер.

Ал эми кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдрасулова Ниязованын үстүнөн баштала турган сот иши акыйкатсыз өтөт деген пикирде:

"Умида Ниязованы мен түздөн-түз тааныйм. Өкүнүчтүүсү, Умида Ниязова Өзбекстанда аны эмне күтуп тураарын билип туруп, качып кетсе дагы ал өлкөгө кайра барган. Анын компьютеринде сакталган документтердин арасында Өзбекстанда адам укуктарынын абалы жана эл аралык уюмдардын Өзбекстан боюнча жазылган отчеттору сакталган экен. Мына ошону тыйуу салынган документ катары карап жатат. Өзбек бийлиги жакшы кадамга барып, Ниязованы бошотуп коет деп мен ишене албайм. Катаал бир чечим кабыл алынып кетиши мүмкүн."

13-апрелде Өзбекстандын Юстиция министрлиги “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Ташкенттеги кеңсесин каттоодон өткөн эмес жана ишинде белгиленген чектен чыгып кеткен деген негиз менен ишмердүүлүгүн токтоткон. “Кеңсе жабылган жок, бирок уюмдун кызматкерлери каттоодон өтпөгөндүгү үчүн юридикалык эч бир ишти жасай албайт” деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө. Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги уюмдун кызматкерлеринин виза мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Андыктан эми кеңседе бир гана кызматкер иштей алат. Уюмдун жетекчиси Адреа Бергдин айтымында, виза мөөнөтү ушул жылы 7-апрелде бүткөн. Бирок министрлик аны узартуудан баш тартып жатат:

“Хьюман Райтс Уотч” уюму жабылган жок. Бирок мага 13-апрелде Юстиция министрлиги аккредитациялык мөөнөтүмдү узартпай койду. Мен бул жерде чет элдик жалгыз укук коргоочумун. Эми биз менин ордума башка кызматкерди табышыбыз керек. Бул абдан көп убакытты талап кылат жана биздин ишибиз аксайт. Эми биз албетте эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам сурайбыз.

Ал эми уюмдун Борбордук Азия жана Европадагы жетекчиси Холли Картнер “Хьюман Райтс Уотч” уюму Өзбекстандагы акыркы эл аралык уюмдардын бири болчу. Эми өзбек өкмөтү биздин үнүбүздү өчүрүүгө умтулуп жатат. Бирок биз бул өлкөдө калууга жана эр жүрөк өзбек укук коргоочуларын колдоого ынтызарбыз” деди.

2005-жылы ноябрда Анжияндагы окуяны көз карандысыз иликтөөгө макулдук бербегендиги үчүн Евробиримдик Өзбекстанга каршы санкцияларды киргизген эле. Бир жылдан кийин Өзбекстандагы кырдаал өзгөрбөсө дагы, Евробиримдик киргизилген санкциялардын бир катарын алып таштаган. Эми ушул жылдын 14-майында Евробиримдиктин мүчөлөрү виза жана курал-жарак сатууга киргизилген санкцияларды кайрадан карап чыкмак.

Өзбек өкмөтү жакында эле Анжияндагы окуяны териштирүүгө жана адам укугу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген. Евробиримдик бул кадамдарды “алга карай жылыш” деп баалаган. Евробиримдиктин айрым өкүлдөрү, анын ичинде Испаниянын Тышкы иштер министри Мигель Анхель Моратинос Өзбекстанган киргизилген санкциялар алынып ташталат деп айткан.

Бирок “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Борбордук Азия жана Европадагы жетекчиси Холли Картнер өзбек өкмөтүнө ишенбейт:

“Евробиримдик Өзбекстанда адам укугу жаатында жакшы жака өзгөрүүлөр болот деп күтүп жатат. Бирок өзбек өкмөтү тескерисинче биздин уюмду жабууга кам урууда. Бул алга жылышты билдирбейт. Бул Өзбекстандагы жашоо шарттын начардыгына боору ооруп, киргизилген санкцияларды алып таштоого бел байлап калган Евробиримдиктин саясатынын натыйжасы”,- дейт Картнер.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Хьюман Райтс Уотч” уюму жабылса, аны менен акыркы үмүт өчөт деген пикирде:

"Өзбекстан деген бул авторитардык режим. Ал жерде акыркы жылдары демократиянын эч кандай бир жыты дагы калбай калды да. “Хьюман Райтс Уотчко” чейин Өзбекстандагы бир топ уюмдар, ошолордун ичинен “Фридом Хаус” уюму жабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Мен өтө өкүнүчтүүлүк менен кабыл алам уюмдун жабылып жатышын. Бул уюм Өзбекстандагы адам укуктарынын кичине болсо дагы коопсуздугун карай турган, жок дегенде мониторинг жасап тура турган, чындыкты башкаларга айта ала турган акыркы уюм болчу. Бул уюмдун жабылып жатышы мени абдан өкүндүрөт".

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG