Таласта Манас районуна караштуу Кичикайынды жана Арал айылдарында кечээ күнү күн чыгыштан батышты көздөй сел жүргөн. Айылдагы тамдарга зыянын тийгизбегени менен эки айылдын бир чоң жана беш кичине көпүрөсүн сел алып кеткен. Жамгыр басылбагандыктан азыркы тапта техникалар менен оңдоо иштери баштала элек. Бүгүнкү учурда республикалык, облустук деңгээлде атайын комиссиялар иштеп жатат. Мындай сел аталган айылда 2000-жылы болгон. (UA)