Президенттин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митингдер бүгүн Чүй, Ысыккөл жана Нарын облустарында да өтөөрү күтүлүп жатканын бириккен фронттон кабарлашты. Маалыматка караганда, анда жергиликтүү бийлик башчыларынын кызматтан кетиши да талап кылынмакчы.(SM)