Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:28

8:39 Аксыда селден жабыркаган элге бүгүн алгачкы жардамдар көрсөтүлө баштайт

Бүгүн Жалалабат облусундагы район-шаар башчыларынан турган топ Аксыга барып, селден жапа чеккен аймактагы кырдаал менен таанышат. Бул топту облус губернатору жетектеп бармакчы. Ошондой эле облустагы ар бир район-шаар селден жапа чеккен аймактын элине акчалай жардам беришмекчи. Чукул кырдаалдар министрлиги болсо бул аймактагы селдин кесепеттерин жою үчүн 5 тонна күйүүчү май бөлүнгөнүн кабарлады. Ушул жекшембиге караган түнү жүргөн селден Аксынын Каражыгач жана Карасуу айыл өкмөттөрү 8 миллион сомдой зыянга учураган.(SM)
XS
SM
MD
LG