Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, катуу нөшөрдөн кийин жүргөн сел Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Шорсуу каналын жырып, 2 мектептин короосуна суу кирип кеткен. Мындан сырткары Мырзаке айылында да сел 25 үйгө зыян алып келген. Каракулжанын Каракочкор айылында да 18 үйдүн короосун суу баскан. Учурда селдин кесепеттери такталууда. (SM)