«Дело №…» гезити жакында эле отставкага кеткен Коопсуздук кеңешинин орунбасар катчысы Алик Орозов менен масилеттешти. Чекист мырза … азыр мурдагы Акаевдин сүрөтүнүн ордуна Бакиевдин сүрөтү илинип калганын, айрыкча аскердик маселени Бакиев жакшы биле бербегендиктен кадрларды дайындоого келгенде ката кетирип, туугандары менен тегерегинде жүргөндөрдүн айткан-дегендеринен чыкпай каларын, кеңешчилери көп болгону менен чыныгы санаалаштары жоктугун, көрүнгөндү уга берип мамлекетти башкаруу ишинде чаташып бүткөнүн, бүгүнкү чакчелекейлер так ушунун кесепетинен келип чыгып атканын айткан. Ал эми, президент админстрация башчысы Мыктыбек Абдылдаевдин отставкага кетиши тууралуу эмне айтар элеңиз, деген суроого ал, Абдылдаев кадр тандоо маселесинде Бакиевди катачылыкка жол бербөө максатында кармап турган жалгыз аппартчы болгонун, сыягы Акүйдөгү абалга бул өтө чыдамкай жана өтө сабырдуу адам да чыдай албай, акыры кетүүгө аргасыз болгонун, Бакиевди курчап турган учурдагы жан-жөкөрлөрү таптакыр принциби жок адамдар экенин баяндаган.
Бакиевдин айланасындагы кудуреттүү атка минерлердин биринин артынан бири кетип жатышына сереп салган «Белый пароход» гезити, бул «отставкалар» жөндөн жөн эле чыгып атпагандыгын, Акүй күрсүлөрүн минип олтурган аттуу-баштуу чиновниктер катардагы каратаман адамдарга караганда көптү билишерин жана жасай турган кадамадарын адегенде өлчөп-бычып, эсептеп алып жасашарын, тажрыйбалуу генерал-аппаратчы Мыктыбек Абдылдаев Акаев убагында да, балким эсиңиздерде болсо, дал ошол экс-президент кетерине аз калганда Акүйдү таштап кеткенин ойго салуу менен… демек мындай алчы-таасын жеген чиновниктер ар кандай жаман жытты алдын ала айттырбай сезе билишерин жазат.
«Энесай» гезити бир элди эки бөлгөндөргө 100 миң сом айып салынса, мындай жазапулду ири алды менен атка минерлерге, депутаттарга жана журналисттерге колдонсо бузукулук тыйылар беле деп суроо коет. Гезит андан ары ушу кезде кадамжайлыктар Бакиевди оппозиция өкүлдөрүнөн өйдө көрүшөрүн, эгер эртең президенттик шайлоо болуп, Бакиев менен «Бириккен фронттун» өкүлдөрү ат салышса кадамжайлык шайлоочулар президентке 99,9 пайыз добуш беришеринен күмөн саноого болбостугун, Бакиевге добуш бергиси келбегендер ашып кетсе 1 пайызды түзөрүн, алар да чиновниктерден турушарын маалымдайт. Ал эми «Кокон хандыгы парламентке өткөндө кыйраган» деген макалада Кыргыз мамлекетинин борбору Кокон шаары болгонун, тарыхчылар муну жакшылап иликтөөгө алба келатышканын, парламенттик башкаруу деген хандык башкарууну талкалап жок кыларын жана анын зыянын чечмелейт.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ.