Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

ОРУСИЯДАГЫ ГЕЗИТТЕР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОКУЯЛАР ЖӨНҮНДӨ…


Төрөкул Дооров, Москва Кыргызстандагы соңку окуялар ушул аптанын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Орусиядагы басма сөздө бир топ кеңири макалаларда чагылдырылды.

«Бүгүн Кыргызстанда эмне болуп жатканын түшүнүү үчүн мындан эки жыл мурда болгон «мандалак ыңкылабынан» бери эмне өзгөргөнүнө көз жүгүртүш керек», - деп жазат «Независимая газета» шейшемби күнү «Бийлик жана акча» деп аталган редакциялык макаласында. Гезиттин ишениминде, акыркы эки жылдан бери ошол «ыңкылапты» актай тургандай эч нерсе деле болуп кетпеди. «Бийликтин үй-бүлөлүк-кландык конструкциясы жоготулбай, тетирисинче, күчөдү. Өлкөнү башкарууга, негизинен, бийликтин өзүн гана самагандар келишти, анткени бийлик гана аларга жергиликтүү экономиканын майлуу жерлерине жетүүгө жол ачат», - дейт гезит.

Макалада айтылган негизги ой: Бүгүн кыргыз бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы ыйкы-тыйкыга бир эле себеп бар – мүлктү бөлүштүрүү.

«Бакиев бийликтен кетсе эмне болоорун оппозиция так билбейт, анткени анда, коалициялык өкмөттү куруудан башка, кыска мөөнөткө эсептелген программасы да жок», - дейт «Независимая газета». Коалициялык өкмөттү түзүү деле талаш-тартышсыз болушуна ишеним айтылбайт. Анткен менен өлкөдөгү кырдаалга карата расмий Москва өз мамилесин ачык билдирбей жатканы бул басылмага жакпагандай. «Кыргызстанда «Газпром», «Лукойл», «Альянс» группасы жана башка компаниялар аркылуу орус капиталы иштетилип жатканын Москва унутпашы керек» деп эскертишет журналисттер.

Гезиттин кабарчысы Виктория Панфилова бир нече күндөн бери Кыргызстанда жүрүп, ушул дүйшөмбүдө кайра Москвага келген.

- Менимче, бүгүн маанилүү саясий өзгөрүүлөр болуп жаткан мамлекетке Орусия дагы активдүүрөөк көз-салып турушу керек. Бирок Кремль Кыргызстандагы окуяларды анча олуттуу эмес деп эсептейт окшойт. Анын үстүнө, президент Курманбек Бакиевдин позициясы деле расмий Москванын көңүлүнө төп келгендей. Мунун баары бүгүнкү оппозиция, мен жазгандай, жок эле дегенде, кыска мөөнөткө эсептелген программасын сунуштай албай жатканы менен байланыштуу. Оппозициянын митинги да азыр дээрлик таркады, буга жагымсыз аба-ырайы да түрткү болду. Чынын айтканда, митингди уюштуруу иштери да аябай начар өтүп жатат, - дейт «Независимая газетанын» кабарчысы Виктория Панфилова.

Айта кетели, «Независимая газета» Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев менен болгон маекти да жарыялады. Анда өкмөт башчы анын негизги милдети – конституциялык реформаны өткөрүп, «үй-бүлөлүк авторитардык башкарууга» чекит коюу экенин айткан. «Кыргызстанды тез эле бутуна тургузса болот, бул үчүн талап-тоноочулукту токтотуш керек», - дейт Атамбаев.

«Коммерсант» гезити болсо 14-апрелде президент Курманбек Бакиев менен болгон маекти басып чыгарды. Анда кыргыз президенти парламенттин өзгөчөлүгүн, сот системасынын коррупцияланып кеткенин, «Бакиев-Кулов тандеми» жөнүндө өз пикирин айтат. «Өлкөдөгү маселелерди өзүбүз эле, эч кимдин жардамысыз чече алабыз», - деп Бакиев, мында Орусия кийлигишпей эле койсо болот деген ойду айтты.

Кыргызстандагы окуяларга такай көз-жүгүртүп келаткан дагы бир гезит – «Время новостей». Бул басылма «Кыргызстандагы кырдаал» деген жеке рубрикасын да ачкан. Белгилүү журналист Аркадий Дубнов шейшемби күнү жазгандай, бүгүн Кыргызстандагы бийликте да, оппозиция да биримдик байкалбайт.
XS
SM
MD
LG