Мындай билдирүүнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков жасады. Путин Конституцияны өзгөртүп, үчүнчү мөөнөт кошуп албайт. Ал 2008-жылдын мартында кызмат ордун бошотуп берүүгө даяр. Мындан сырткары, Путин “мураскорун” калтырбайт. Президент шайлоочуларга жөн гана “кеңеш” бериши ыктымал деп айтты Песков.