Жогорку Кеңештин имаратына элүү чамалаш адам келип, депутат Арсланбек Малиев иштеп чыккан мыйзам долбооруна каршылык билдиришүүдө. Мыйзам долбоору «Кумтөр» баштаган алтын кендерине байланышкан бардык макулдашууларды жаңы мыйзамдарга ылайыкташтыруу максатын көздөйт. Нааразы тарап мындай кадам «Кумтөрдө» иштеп, жашоо-тирдигин оңдоп жаткан жүздөгөн жергиликтүү калкка тескери таасир этет деп эсептешүүдө. Учурда депутат нааразылыкка чыккандар менен жолугушуп жатат. (BuS)