Губернатор Искендер Айдаралиев баштаган облустагы район-шаарлардын жана мекеме-уюмдардын башчылары, ЖК депутаты Азимбек Бекназаров Каражыгач жана Карасуу айыл өкмөттөрүндөгү сел кырсыгынан жабыр тарткандар менен жолугушту. Эл менен пикирлешип, жабыр тарткандарга зарыл болгон жардамдар берилерин билдиришти. Райондун акими Аскербек Алиевдин малыматы боюнча, жабыр тарткандардын коруна бүгүн 630 миң сом нак акча жана 1,5 тонна күйүүчү май түштү. Депутат А.Бекназаров жабыр тарткандарга Бишкектин баасы менен курулуш материалдары, өкмөттүк насыя берилерине жана салыктан бошотулаарына ишендирип, «Асаба» партиясы менен Аксы коомунун атынан 150 миң сом акча тапшырды. (KCh)