Бул маселе Бириккен оппозициянын бүгүн түштө өткөн жыйынында талкууланды. Оппозицияга мүчө бир катар депутаттардын кезектеги митингде ачыктаган маалыматтарына караганда, оппозициячыл блокко төрагалыкка Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Өмүрбек Текебаевдин талапкердиги көрсөтүлүүдө. (BuS)