Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

18:37 Баткен районунда бир катар айыл жашоочуларынын үйүнөн ок атуучу куралдар табылды

Мындай маалыматты “Азаттыкка” райондук милиция бөлүмүнүн начальниги Мусурманкул Турсуматов 18-апрелде билдирди. Анын айтымында облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган “Арсен” операциясынын негизинде райондун Чоңкара, Буйжун жана Карабулак айылдарында жашаган 6 адамдын үйүнөн бир даана ИЖ-16, 3 дана ИЖ-17, Тост-8 үлгүсүнөн үчөө жана КА-32 маркаларындагы ок атуучу куралдар табылган. Мылтыктарды колго түшүргөн учурда биринде да тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. (SA)
XS
SM
MD
LG