Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Украинадагы демонстрациялар Конституциялык соттун имараты алдында өттүүдө


Киевде бүгүн президент Ющенконун 7 миңдей жактоочулары Конституциялык соттун имараттын камалоого аракеттеништи. Судьялар өз кеңселерине полициянын жардамы менен гана кире алышты. Украинанын Конституциялык соту президент Ющенконун өлкө парламенти –Жогорку Раданы таратып, мөөнөтсүз шайлоо белгилөө жөнүндөгү жардыгынын мыйзамдуулугун териштирүүнү кечээ баштаган болчу. Президенттин жактоочулары Конституциялык сот коррупцияланышкан жана калыс эмес чечим чыгарат деп эсептешет. Мунун алдында президент Ющенко Конституциялык сотко жолдогон катында 18 судьянын бири Сюзанна Станик сот чечимне тасир көргөзүү үчүн наркы 12 миллион доллардык мүлк алганын маалымдаган эле. Судьянын өзү бул ырастоону төгүндөсө, прокуратура ал маалыматты негизсиз деп атады.

XS
SM
MD
LG