Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Ирак башкалаасы Багдадда удаа болгон жардыруулардан 160тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды


Шаардын көбүнесе шийиттер жашаган Садрия районундагы жарылуудан кеминде 115 киши каза таап, 100дөн ашууну жаракат алды. Багдаддын көбүнесе шийиттер жашаган экинчи бир району - Садр ситиде жанкечти миналанган автоунааны полиция бекетинде жардырып, кеминде 30тай кишини мерт кылды. Бул жардыруулар өлкөнүнүн премьер- министри Нури ал-Малики Ирак ушул жылдын аягында коопсуздук үчүн жоопкерчиликти чет элдик күчтөрдөн өткөрүп алышы мүмкүн экенин айткандан соң орун алды. Бүгүнкү жардыруулар координацияланган сыяктуу.

XS
SM
MD
LG