Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:54

ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИНЕ 10-12 МИЛЛИАРД СОМ КЕРЕК


Айыл чарба министри Сооронбай Жээнбеков Азаттык менен маек куруп, Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө кедерги болгон олуттуу жагдайлар, айыл чарбасын өнүктүрүү далалаттары тууралу ой толгоп, учурдагы саясий чыңалууга карата да өз пикирин бөлүштү.

- Сооронбай Шарипович, Сиз мурда Жогорку Кеңештин агрардык комитетин жетектечү элеңиз. Ал жерде анча байкалбай, бул министрлик кызматта ачык-айкын көрүнгөн эмне маселелер бар экен?

- Сиз айткандай, ал жактан көрүнбөгөн көп нерселер бар экен. Минисртрликтин өзүнөн баштап анын тармактарына чейин элге жакындата турган структуралык реформа жасаш керектигине көзүм жетти. Бул боюнча азыр пландарды түзүп атабыз, буюрса.

- Демек, кайра уюштуруу, кайра түзүп зарыл турбайбы. Айыл чарбасынын азыркы көйгөйлүү түйүндөрүнө токтолсоңуз эми?

- Эң оор маселе, азыр айрыкча тоолуу райондардо мал көбөйүп атат. Ушуларды сапаттуу ветеринардык кызмат менен камсыз кылуу оор бойдон калууда. Жугуштуу оорулар, айрыкча шарп, күйдүргү ж. б. абдан көп чыга баштады. Мына ушулар менен ким күрөшөт? Биз айыл-айылдарда иштеп аткан ветеринарларга долбоорлорду түзүп, жардам берип, керектүү шаймандар менен камсыз кылышыбыз керек. Ошондо анан мамлекет эмнени көтөрөт, кайсы милдеттерди мойнуна алат, эл өзү эмнени көтөрөт, ветеринарлар эмнеге милдеттүү – ушуну аныктап-бөлөлү деп атабыз. Так ошондон кийин жугуштуу оорулар чыкса ветеринардык кодекстин негизинде жоопко тартыш маселеси чыгат.

- А буга чейин?

- А буга чейин канча жугуштуу оорулар чыкты, канча элге зыян келди – эч ким жооп бергени жок да. Ветеринардык кодекс боюнча тиешелүү адамдарга кылмыш иши козголуш керек.

Экинчи бир оор маселе – айыл чарбасынан өндүрүлгөн түшүмдөрдү кайра иштетүү өтө начар акыбалда. Мамлекет тарабынан, чынын айтканда, эч кандай жардам болбой жатат. Кайра иштетүүнү куруунун механизми алигиче иштелип чыга элек. Мен айтып атам азыр - өнүгүүнүн бир гана жолу бар деп: бардык тармак боюнча ассоцацияларды түзүү аркылуу иш жүргүзүшүбүз керек. Мисалы, бизде бал бар. Демек, аарычылардын ассоцациясы сөзсүз түзүлүшү керек. Ошо балды кайрадан иштетип, аны эл аралык үлгүдө таңгакчалап, сыртка сатыкка алып чыкканга, анүчүн сертификат алганга мамлекет жардам бериши керек. Картөшкө, төө буурчак ж. б. Баарысы боюнча ассоцациялар түзүлүшү керек. Ошолор аркылуу гана дүйнөлүк базарга чыгышыбыз зарыл. Жалдырап мамлекетти карап тура берген менен пайда жок. Эл өзү ошо ассоцациялар аркылуу кыймылдабаса болбойт.

- Айыл чарбасы өзү үрөндөн башталат. Үрөндү деле жазга чейин жакшылап сактабастан чиритип алган жагдайларды кандай баалап атасыз министр катары?

- Үрөн маселесин Кыргызстанда жакшынакай эле чечсе болот. Эмне үчүн дегенде, ага анчалык чоң каражат талап кылынбайт. Болгону биз үрөн өндүрүү боюнча саясатты өзгөртүшүбүз керек. Мына кечээ жакында премьер-министрибиз жазгы талаа иштерине даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Күйүүчү майлар менен камсыздоого байланыштуу февралда чыккан токтом майга жакындап калганда – ошо жыйындын өзүндө чечилди. Мен азыр Нарын менен Суусамырга 1000 тонна арпанын үрөнү жетпестигин маселе катары айттым. А бизде жок. Үрөн чарбалар мамлекет баары бир муну сатып албайт деп ойду-келди жок кылып салышкан. Азыр Казакстандан 1000 тонна үрөн сатып келебиз деп атышат. Ушул эле акчаны биз мурдараак үрөнчүлүк чарбаларына берген болсок, биринчиден, акча өз өлкөбүздө калат эле.

Экинчиден, сапаттуу үрөндөрдү даярдаганга машыгып, үрөн чарбаларыбыз өнүкмөк. Мындан ары өзүбүздүн үрөнчүлүк чарбаларыбызга буюртма берип, өзүбүздөн эле даярдаганга өтпөсөк болбойт. Кыргызстанда ашыгы менен үрөн даярдаганга шартыбыз бар. Бир-эки жылда ордуна коюлат бул маселе.

- Сооронбай Шарипович, кыргызстандыктар Өзбекстандан контрабандалык жол менен келген сапатсыз, кашеки деп коёлучу, жер семирткичтерди пайдалануудан качан арылат, Жер семирткич чыгарчу завод куруунун чындык-дайыны канчалык экен?

- Завод куруу боюнча Кытай жак менен сүйлөшүлүптүр. Иш кайсы деңгээлде экенин мен тактайын. Бул өзү абдан чоң маселе. Буга 350-400 млн. долларга чейин каражат кетет. Кыргызстанда мынабу “Кристалл” заводу иштеп кетсе – аз болсо дагы жер семирткич болуп турат эле.

-Завод-не курулгуча Өзбекстандан келишим негизинде расмий жол менен эле жер семирткичтерди алууга болбойбу?

- Азыр эми келишим түзүш үчүн мамлекет тарабынан биздин Айыл чарба минстрлигине акча которулуш керек. Андай акча келсе министрлик тендер өткөрүш керек. Бирок, андай каражат жок азыр. Чынын айтсак, азыр бюджеттен акча каралбайт бизге. Азыр менчик гана компаниялар Өзбекстан, Орусиядан жер семирткичтерди апкелип, дыйкандарды камсыздоого аракет кылышууда. Ошонун эсебинен гана жагдайдан эптеп чыгып атабыз.

- Акча-каражат гана айыл чарбасын өнүктүрөт деген кеп бар экен? Башка жолу да барбы?

- Кыргызстанда бир эле жазгы талаа иштерине 10-12 миллиард сом талап кылынат. Бир эле Айыл чарба министрлигинин аракети менен айыл чарбасы өнүкпөйт. Качан жер-жерлерде эл узак мөөнөттүү, үстөк пайызы төмөн кредиттерди ала баштаганда гана айыл чарбасы көтөрүлөт. Ага чейинки аракет катары бир маселени коюп атабыз азыр – почтону банк кылуу боюнча.Эмне үчүн дегенде, почтонун филиалдары бардык айылдарда бар да. Акча менен иштеп көнүп калышкан. Даяр. Ушуну банк кылуу маселесин Президент, Премьер кандай карайт экен, көрөбүз го. Эскертип коёюн, бул Айылбанктан башка.

- А башка өлкөлөр айыл чарбасына кандай камылга көрүп жатканынан мисал тарта аласызбы?

- Мисалы, Европа олкөлорү 1 гектар жерге 600 доллардан дотация берет. Айыл чарбасын өнүктүрүш үчүн Казакстан түштүк райондоруна 15 миллиард теңге берди. Орусия азыр дыйкандар алган кредиттин үстөк пайызын бюджеттен төлөп берип атат. Демек, дыйкандары үстөгү жок кредитти 8 жылга алып атат. Биз да ушуларга жетишишибиз керек. Ошондо гана дыйкан-фермерлер кооперативдерге чогулуп, кайра иштетүүнү да өздөрү жасай берет. Ошондо анан айыл чарбасы күрдөөөлдүү өнүгөт.

- Сооронбай Шарипович, эми башка маанайдагы суроо, сиздин шайлоочуларыңыз эмне үчүн депутаттыкты таштап убактылуу өкмөткө келип алды деп кабатыр?

- Менин оюмда жок болчу мындай нерсе. Мен шайлоочуларыма убада да берген элем аягына чейин иштеп берем деп. Буга чейин да сунуштар бир топ болгон. Бул убактылуу өкмөт экенин мен деле билем. Бирок ушул оор мезгилде, саясатчылар Кыргызстанды түндүк-түштүк кылып экиге бөлүп турган кезде ошол түштүк-түндүктөн ой-мүдөөсү бир жигиттер келип чыңалууну токтотууга күч үрөйлү дедик, анан экинчиси, өкмөт курамында таза иштеп, туурасын туура деп – элдин ишеничин бийликке кайра апкелели дедик.

- Мына сиздердин министрликтин имаратынын жанында бир жумадан бери митинг өтүп атат. Аларга канай маанай менен кароодосуз? Сөккөн жоксузбу?

- Булардын конституциялык реформа болуш керек дегенине мен кошулам. Экөөндө тең кысым менен кабыл алынган.

- Сиз депутат кезиңизде таптакыр башка сунуш менен да чыкканыңыз бар?

- Ооба, мен 30унда Конституция кабыл алып атканда Президент, Премьер министр парламентке келгенде айткам: “Бизде аткаруу бийлиги деген болбош керек, премьер-министр деген болбош керек. Президент тышкы саясатка да, ички саясатка да өзү жооп берип, аткаруу бийлигин кошо жетектеш керек,” – деп. Чындыгында эле Президенттик администрация менен Өкмөт аппараты бир имаратта туруп алышып, бири-бирине кат жөнөтүшкөнү күлкү келерлик көрүнүш да. Бирок, менин сунушум өткөнү жок. Аскар Акаевичтен баштап бир кишиге ишенүүгө болбой калыптыр да. Азыр көпчүлүк аралаш башкаруу формасын жактап атпайбы. Анысын да көрөлү, балким натыйжалуу болоор. Азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек. Анан, тиги митинг боюнча, алардын “президент кетсин, президент кетсин” дегени туура эмес. Эки жылда эле азганакай топтун кыйкырыгы менен президент кете берсе - анда биз Кыргызстанды сактай албай калабыз.

Маектешкен Кожогелди Култегин, Бишкек.

XS
SM
MD
LG