Кечээ 100гө жакын журналист ооган полициясынын жеке менчик телекомпанияга карата аракеттерине нааразылыгын билдиришти. 17-апрелде “Толо Ти-Ви” телекомпаниясынын имаратына 50гө жакын полициячы кирип келип, үч журналистти кармап, калгандарын опузалаган. Шаршемби күнү Ооганстандын башкы прокурору Абдул Жабар Сабет телекомпаниянын журналисттери анын сөздөрүн туура эмес берген деп айткан. Бул өлкөдө баш аламандык жаралуусуна түрткү бериши мүмкүн эле, ошондуктан полициянын иш аракеттери туура болгон деди баш прокурор. “Толо Ти-Винин” жетекчилиги бул айыпты четке кагууда.
Кабулда жеке менчик телекомпанияга болгон кол салууга каршы нааразылык акциясы болуп өттү