Дүйшөмбүдө 32 адамды өлтүрүп, андан соң өзү-өзү атып өлгөн кореялык студент Чо Сен Ху бул кылмыштарды жасаган күнү Эн Би Си телеканалына кат жиберүүгө жетишкен. Телекомпания кабарлагандай, ал “баш аламан” катта Чо өзүнүн психологиялык проблемалары тууралуу жазган. Мындан сырткары Чо Сен Ху телеканалга видеокассеталарды жана фотосүрөттөрдү жиберген. Сүрөттөрдүн айрымдарында Чо курал кармап турат. Эн Би Си материалдарды ФБРдин тергөөчүлөрүнө өткөрүп берди.