Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Багдаддагы жарылуулардан кем дегенде 200 адам набыт кетти


Дагы 250 киши оор жараат алды деп кабарланууда. Кечээ Ирак борборунун көбүнэсе шиилер жашаган райондорунда беш жарылуу болду. Кеминде 140 адамдын өмүрүн алып кеткен эң кандуу теракт шаардын четиндеги Садрия аймагында ишке ашырылган. Жарылуулар премьер-министр Нури аль-Малики Ирак бийликтери өлкөдөгү коопсуздукту сактоо жоопкерчилигин өз мойнуна алууга даяр экенин билдирген соң орун алды. Теракттар “Аль-Каида” тарабынан уюштурулду деп шектелүдө.

 

XS
SM
MD
LG