БИШКЕК. Депутат Темир Сариев 17-апрелде парламенттин жабык өткөн жыйынында эмне окуя болгонун журналисттерге бүгүн айтып берди. Анын маалыматы боюнча, депутат Камчыбек Ташиев микрофондун темир түркүгү менен 17-апрелдеги жабык жыйын маалында Жогорку Кеңештин аппаратынын бир кызматкерин башка чаап жиберген. Ал кызматкердин башы канаган, андан соң К.Ташиев тим калбай, ал темир түркүктү бир депутатты көздөй ыргытып жиберген, бирок андан ал депутат жабыркаган эмес. Бул окуя жабык жыйынга катышып отурган башкы прокурор Э.Сатыбалдиев, ички иштер министри Б.Ногойбаев жана улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын М.Суталиновдун көз алдында болгон. «Биз бул окуя боюнча депутат К.Ташиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоону сурап, башкы прокуратурага кайрылдык», деди Темир Сариев «Азаттыкка» берген интервьюсунда.
Ал эми депутат А.Келдибеков бул окуя боюнча "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, төрт депутаттын - М.Эшимканов, К.Иманалиев, К.Байболов, Т.Сариевдин үстүнөн дагы 14-апрелдеги Алатоо аянтындагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоону суранышаары ыктымал экенин айтты.