Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

13:10 Парламент Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңеш 40 добуш менен 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө каза тапкан, «Бириккен фронттун» мүчөсү Бектемир Акунов тууралуу токтом кабыл алды. Аны кабыл алаардан мурда депутаттар Алишер Сабиров менен Исхак Масалиев токтомду кабыл алууга негиз жок деп чыгышты. Бирок депутат Карганбек Самаков менен Кубат Байболов негиз бар экенин, анткени милиция кызматкерлери ачкачылык кармап, алсырап турган адамды камап, тепкилеп, урганы негиз эмеспи дегендей пикир айтышты. Ошондон кийин парламенте бул токтом жактырылды.

18-апрелде мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев маалымат жыйынында Бектемир Акунов таяк жегенин, ал эми ал муунудан же муунтурулгандан каза болгонун айткан. Кечээ Б.Акуновдун тууган-уругу Нарын облустук мамлекеттик имаратын басып ала жаздашты. Губернатор Ж.Азылов милиция кызматкерлери мыйзам чегинде жазаланаарын убада кылды.

 

XS
SM
MD
LG