Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

14:13 Жогорку соттун жанында окко учкан Мирлан Коноев Улуттук госпиталда жан берди


Жогорку сотто кылмышка шектелүү делип айыпталып жаткан Эркин Мамбеталиевдин сотуна байкоо салганы барган “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, Жогорку сотту курчаган темир кашаанын чыга бериш жеринде эки жигит турган. Алар сотто көрсөтмө берип чыгып келаткан Мирлан Коноевге ок атышкан. Ок атылганда Коноев жерге жыгылып, кылмышкерлер эки тапанча менен дагы алты ок чыгарышып качып жөнөгөн. Алардын артынан кууп барып, бирөөсүн кармашып, тартип коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкенин Мамбеталиевдин досу Тыныч аттуу жигит “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. Коноев Улуттук госпиталга жеткирилип, ал жерде саат он экиден беш минута өткөндө жан таслим болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бул окуянын чоо жайы иликтенип жатканын маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG