Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

МИРЛАН КОНОЕВДИ ЖОГОРКУ СОТТУН ТАК АЛДЫНАН АТЫП КЕТИШТИ


Мирлан Коноевди атып өлтүргөн деп шектелген адам көп узабай эле кармалып, милицияга өткөрүлүп берилди. Аны Мирлан Коноевдин туугандары артынан кууп барып кармашты. Кармалган Эдилбек Бегартов аттуу жигит болуп чыкты. Ал 1983-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызылтоо айылынын тургуну. Мирлан Коноевди бүгүн Жогорку соттун жанында сот сурагынан чыгып келаткан жеринен атып кетишти. «Азаттыктын» кабарчысы бул окуяга өзү күбө болду. Кабарчынын айтымында, Жогорку Сотту курчаган темир кашаанын чыга бериш жеринде эки жигит турган. Алар сотто көрсөтмө берип чыгып келаткан Мирлан Коноевге ок атышкан. Ок атылганда Коноев жерге жыгылып, кылмышкерлер эки тапанча менен дагы алты ок чыгарышып качып жөнөгөн. Коноев Улуттук госпиталга жеткирилип, ал жерде саат он экиден беш минута өткөндө жан таслим болду. Эдилбек Бегартов эмне себептен Мирлан Коноевди атып өлтүргөнүн тергөө органдары териштирүүгө киришти. (KCh) Сүрөттө: Мирлан Коноев (ортодо) Рыспек Акматбаев менен сот залында.

XS
SM
MD
LG