Бул жөнүндө митинг учурунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» билдирди. Анткени, жүрүш маалында уюштурууулар тартипти көзөмөлдөй албай кала турган коркунуч болууда. Ошондуктан, Бириккен фронттун штабы бүгүн кеңеш куруп, митингге келип кошулуп жаткан жаңы адамдар арасында түшүндүрүү иштерин колго алуу жагын сүйлөшмөкчү. Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн баамында бүгүн митингге 15-20 миңдин айланасында адам келди. Укук коргоо органдары митингдеги элдин саны эки миңдин айланасында деп жатышат. (KCh)