ЖАЛАЛАБАТ.Кыймыл өлкөдөгү азыркы кырдаалды талкуулаган маалымат жыйынын өткөрдү. Анда бириккен фронттун митинги маалында жалалабаттык жарандын сабалышына кайдигер караган төрт депутатка нааразы болду. Аксы районунда үч жерде өткөн элдик жыйын фронтту айыптап, «Агым» гезитинен он күндүн ичинде бириккен Аксы кыймылына кол койгон адамдарды табуу, алар жарыялаган макаланы төгүндөө талабын койду. Талап аткарылбаса, басылманы жабуу жана ага 1 миллион сомдон ашык жазага салууну өтүнүп, сотко кайрылуу чечимине келди. Элдик жыйын жана фронттун митингине көз салып келген адам укугун коргоочу Кубанычбек Маматкеримовдун айтымында, гезит жазгандай фронт уюштурган митингде 1200 тургай, аксылык 12 адам да болгон эмес жана депутат А.Бекназаров менен губернатор И.Айдаралиев эл ишениминен чыга элек. (YA)