Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

19-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Томь воеводасы энесайлык кыргыз өкүмдары Еренак менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн элчиликке И.Петров менен А.Поспеловдорду жөнөткөн. Убактылуу өкмөт 1917-жылдын 19-апрелинде 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшүнө байланыштуу чагымчыл чечим чыгарды.

Энесайлык кыргыздардын өкүмдары Еренактын орус бийлигине жазган катына жооп ирээтинде, Томь воеводасы Еренак менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн элчиликке И.Петров менен А.Поспеловдорду жөнөткөн. Алардын Кыргыз жергесине келгенин уккан жунгар ханынын кыргыз жергесиндеги өкүлү Эйзан орус элчилигин жана Еренакты ордосуна чакырган. Алар Эйзанга 1683-жылдын 19-апрелинде келишип, анын сарайында эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталган. Орус элчилиги Еренакка 6 талап койгон. Алардын үч талабы, буга чейинки кыргыздардын орус бийлигине берген антына жараша падышага берилген шерт талабын сактоо; орус дыйкандарынан албан албоо; Еренак орус бийлиги үчүн тоо этегинде орун алган аймактан албан жыйнап, аны Томскиге жөнөтүп туруу талабы болгон. Еренак аталган үч талапты аткарууга макулдугун берген. Анткен менен орус бийлигинин Кыргыз жергесине чеп курушуна жана буга чейин Еренак орустардан айдап кеткен жылкыларды жана колго түшкөн курал-жаракты кайтарылыш талабын кабыл алган эмес.

Ысыккөл өрөөнүнүн географиясы жана аба ырайын изилдөөдө Ярослав Иванович Корольков зор эмгек сиңирген. Я.И.Корольков узак убакыт бою Пржевальск метеостанциясында эмгектенип, анын натыйжасында өрөөндүн өзгөчөлүгү туурасында бир канча илимий эмгектерди жазууга жетишкен. Я.И.Корольковдун баамдоолору жана шамал багыттары туурасында берген терминдери бүгүнкү күндө да колдонулуп келет. Анын географ-климатологдук эмгеги жогору бааланып, 1889-жылдын 19-апрелинде Ярослав Иванович Корольков Орус географиялык коомунун анык мүчөлүгүнө алынган.

«Чоң ордо» приставынын капитаны Гудковский 1850-жылдын бу күнү чакан отряд баштап кокондуктар орун алган Пишпек чебине чабуул койду. Бирок жергиликтүү калктан колдоо ала албагандыктан жана аскер күчүнүн чектелөөлүгүнө байланыштуу Гудковскийдин аскерлери чегинүүгө мажбур болгон.

Убактылуу өкмөт 1917-жылдын 19-апрелинде 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшүнө байланыштуу чагымчыл чечим чыгарды. Убактылуу өкмөт Кытайдан мекенине кайта баштаган кыргыздарды Чүй жана Ысыккөлгө жайгаштырбоо чечимин чыгарган жана аларга Нарын аймагынан жер бөлүп берүү планы иштелип чыккан. Ошентип, падышалык бийликтин 1916-жылкы кыргыздарга жасаган геноциди 1917-жылы Убактылуу өкмөт тарабынан улантылган.

Россия империясында өткөн 1917-жылкы буржуазиялык-демократиялык революция жыйынтыгынан улам бийликке Убактылуу өкмөт келген. Убактылуу өкмөттүн 1917-жылдын 19-апрель күнкү чечимине ылайык Түркстан генерал-губернатору А. Куропаткин кызматынан алынып, анын ордун конституциялык демократ Н. Щепкин ээлеген.

Ташкентте орун алган Түркстан комитети Жетисуу областы менен Пишпек уездине жетекчиликке кыргызстандык социалист-революционер О.Шкапской жана М.Тынышпаевди коюшкан. О.Шкапской менен М.Тынышпаевге аймакта тартип орнотуп, мас солдаттардын мыйзамсыз аракетин ооздуктоо милдети жүктөлгөн.Бу күнү, 1920-жылы Кыргызстандын эл акыны Тенти Адышева жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG