Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акундун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, милициянын элди газ менен атканы туура эмес болду. «Маселени тынчтык жолу менен чечиш керек эле. Мен жетинчи кабатка чыгып эмнеге курал колдонулганын сурасам, элдер таш ыргытышкандыгын айтышты. Азыр премьер-министрге кирип айтсам, ал Ички иштер министрине телефон чалып, курал колдонбогула деп катуу эскертти»,- дейт Т.Акун. (IJz)