Эки тарап АКШнын Чехия менен Польшада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу планын талкуулоодо. Москва мындай пландын ишке ашырылышы Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат деп эсептейт. АКШнын айтымында, ракетадан коргонуу системасы Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ракеталык ыктымал чабуулдарынан сактанууга багытталган жана Орусияга эч кандай коркунуч алып келбейт.