Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы өз резолюциясында Ураинанын жетекчилигин 2004-жылдагы саргылт ыңкылаптан бери зарыл реформаларды толук ишке ашыра албагандыгы үчүн сынга алды. ПАСЕнин пикиринде, өлкөдөгү азыркы саясий кризистин, президент менен премьер- министр ортосундагы чатактын тамыры саргылт ыңкылаптан кийин шашылыш жана толук аягынга чыкпаган реформаларда жатат. Европалык мыйзамгерлер украин жетекчилигин кризисти тез, демократиялуу жана мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырды. Украин прездентинин өлкө парламенти - Жогорку Раданы таратып, мөөнөтсүз шайлоо белгилөө жөнүндөгү жардыгынын мыйзамдуулугун учурда Конституциялык сот териштирүүдө.