Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

10:38 Митингичилердин калдыктарын Жеңиш аянтынан милиция салып кетти


Митингичилердин бир бөлүгү түндө тополоңдо Жеңиш аянтына качып барып, ошол жакта түнөп чыккан. Таң атканда аларды милиция күчтөрү кармап, автобуска салып, Свердлов райондук милиция бөлүмүнө алып келишти. Ошол эле учурда Жеңиш аянтында калган бирин-серин митингичилер да бар. Алар акча тыйындары жок болгондуктан кете албай жатканын айтышкан. Бул жөнүндө «Азаттыкка» өзүн Барктабай Кандабасов деп тааныштырган митингичилердин бири аны милиция кармап кетип жаткан убакта телефон чалып айтканга үлгүрдү. (KCh)

XS
SM
MD
LG