Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

АКШ Сенатындагы демократтардын лидери Ирактагы согушта Америка жеңилди деп эсептейт


Гарри Рид президент Жорж Буштун Ирактагы коопсуздукту чыңдоо планы иштебей жатканын кечээ Вашингтондо билдирди. Президенттин планында Иракка кошумча аскерлерди жиберүү каралган эле. Риддин айтымында, Ирактагы согушка карата көз карашын ал Жорж Буштун өзүнө шаршемби күнкү көзмө-көз жолугушуу маалында да айткан. Ирактагы кырдаалды турукташтыруу үчүн саясий, дипломатиялык жана экономикалык жолдорду гана пайдалануу керек деп эсептейт Рид. АКШ Конгресси Ирактан аскерлерди чыгаруу мөөнөтү аныкталганда гана согушту каржылоону улантууга макулдугун бермекчи. Жорж Буш буга такыр каршы.

 

XS
SM
MD
LG