Анда бейшембинин кечиндеги окуя боюнча тергөө, иликтөө иштерин жүргүзүү, башаламандыкты уюштургандарды жоопкерчиликке тартууну карап көрүү Башкы прокуратурага жана күч органдарына тапшырылды. Ошондой эле 11-апрелден бери өз убактысынан көп иштеп жаткан милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөп берүү да сунушталды. Токтом кабыл алынгандан кийин парламент дүйшөмбү күнгө чейин эс алууга тарады. (AiT)