“Ошондуктан биз оппозициячыл саясатчылардын президентке импичмент жарыялоо демилгесин колдойбуз жана өз кезегинде аны ишке ашырууга салым кошобуз” деп жазылат “Жебе” жаштар кыймылынын бүгүн тараткан билдирүүсүндө. Жебечилер, бириккен фронттун катарына кирбей туруп, оппозициянын акыйкат жана мыйзамдуу талаптарын колдошоорун жана 11-апрелден тарта оппозициянын тынч өтүп жаткан митингисине күбө болуп келишкендиктерин, түндөкү болгон окуяны оппозициянын тынчтык митингисине каршы уюштурган чагым деп баалай тургандыктарын кошумчалашкан. (EBM)