Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:19

16:57 Нарындык милиционерлер Б. Акуновдун өлүмүн акыйкат тергөөнү талап кылышат


Нарын шаардык ИИБ 44 кызматкери Президентке, ички иштер министрине жана Акыйкатчыга кайрылуу жазышып, Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча күнөөсү мойнуна коюла элек тартип сакчыларын негизсиз айыптап, камап-кармоого каршы экендиктерин билдиришкен. ИИМдин басма сөз кызматы аркылуу тараган кайрылууда «Элет» партиясынын лидери Накен Касиев менен ЖК депутаты Карганбек Самаков Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча аныкталган маалымат албай туруп, маалымат каражаттарына жаңылыш маалыматтарды жайылтып, эки милиция кызматкерин каматып, Нарын областынын жана шаардын жетекчилерин кызматтан алуу талабын коюп жатканы айтылат. Нарындык тартип сакчылары окуянын мындай бурулушу милициянын беделин түшүрүп, конституциялык укуктарын бузду деп эсептешет. Оппозиция уюштурган ачкачылык акциясынан катышуучусу Бектемир Акунов 15-апрелде Нарында милиция тарабынан кармалып, абакта жатып кайтыш болгон. Медициналык текшерүү аны муунуп өлдү деген аныктама чыгарган. Медициналык текшерүүгө катышкан «Элет» партиясынын лидери Накен Касиев ошол эле учурда Б. Акуновдун денесинде көгала тактар, токмоктун издери да табылганын «Азаттыкка» билдирген болчу. (KCh)

XS
SM
MD
LG