Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

АКШ ДОЛЛАРЫНЫН КУНУ КАЧУУДА


АКШга саякаттап барган британдыктардын күнү тууду: чөнтөгүндө 50 фунт стерлинги болсо, аны 100 долларга алмаштырып, товарларды аянбай алышчу болушту. Ал эми евро акчалуу Европа үчүн доллар арзандаган сайын, товардын өздүк наркы өсүп, Кошмо Штаттарга товар сатуу кыйындап барат. Ошентип, үстүбүздөгү аптада жарым фунт стерлингдин куну акыркы 26 жылда биринчи жолу 1 долларга чыкты.

АКШ доллары Британ фунт стерлингине салыштырмалуу акыркы 26 жылда болуп көрбөгөндөй арзандады. Учурда 1 фунт стерлингди 2 долларга, 1 еврону 1 доллар 37 сентке алмаштырсаңыз болот.

Лондондук экономист Жонатан Лоунис доллар дагы арзандайт деп боолгойт:

- Биз азыр эле 1 евро 1 доллар 40 сентке барабар болот деп айтып жатабыз. Андан күмөн жок. Мен доллар андан да көп арзандайт деп ойлом. Фунт стерлинг дагы өсүп, 2 доллар 5 сентке жетчүдөй болуп турат.

Эксперттер доллардын арзандоосуна АКШ экономикасынын жүрүшү басаңдаганга катар аманат акча үчүн банктар төлөчү кирешенин арзандап кеткени таасир этти дешет. Британиядагы Лиидс университетинин профессору Мэлькольм Сауэрдин түшүндүрүшүнчө:

- Эгер Британиянын банктары киреше төлөмүн Кошмо Штаттардагы банктардан бир аз эле көп кылса, кээ бир кишилер өз акчаларын АКШдан Британияга жылдырышат. Башкача айтканда, кишилер фунт стерлингди сатып алып жаткан соң анын баасы долларга караганда кымбаттай баштайт.

Азыр бирок Британиянын жана АКШнын борбордук банктарынын проценттик кайтарымдары окшош- 5, 25 процент. Ал эми евромейкиндикте 3, 75 процент. Андыктан, аманатчыларга АКШдан Британияга жана Европага өткөндөн не пайда? Бул суроого Жонатан Лойнис мындайча түшүндүрөт:

- Доллардын жакындагы арзандоосуна караганда банктардын кызыктыруучу процентине байланыштуу өзгөрүүлөр маанилүү. АКШда жана Британия менен евромейкиндикте кызыктыруучу проценттер келерки 3 же 4 айда эки башка жакты көздөй кетет. Бул долларды алсыратат.

Акчанын кубаты АКШ, Британия жана Германия өкмөтүнүн 10 жылдык баалуу кагазы- бондорго да көз каранды. Ушу тапта АКШнын мамлекеттик бону Германиянын бонуна караганда кирешелүү. Бирок, алардын ажырымы кыскарып барат. Анткени, Европанын экономикасы азыр ишенимдүү өсүүдө.


Британ фунт стерлингинин кымбатоосу инфляцияны чамынтып, өкмөт чектеген 3 проценттен ашып кетти. Мындай шартта, керектөөнү ооздуктап, инфляцияны көзөмөлгө алууну көздөгөн Англия банкы кардарларды карыз алууга эмес, банкка аманатка акча берүүгө кызыктар экен деген күбүр- шыбыр сөздөр пайда болду.

XS
SM
MD
LG